18.10.2018 09:20

Ирина Карамушкина КСДПнын шаардык ячейкасынын координаторлугуна шайланды

Ирина Карамушкина КСДПнын шаардык ячейкасынын координаторлугуна шайланды

КСДПнын Бишкек аймактык уюмунун жетекчилигине депутат Ирина Карамушкина шайланды. Мындай чечим кечээ, 17-октябрда кабыл алынганын партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын төрт районунан келген делегаттар Карамушкинанын Партиянын шаардык ячейкасынын координаторлугуна талапкерлигин бир добуштан колдошту.  

Ирина Карамушкина партиялаштарына ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирип, партиянын идея, принциптерин мындан ары да улантууга чакырды.

«Айрым делегаттарга белгисиз адамдар келип өздөрүн УКМКданмын деп тааныштырыптыр. Бирок делегаттар коркпостон бүгүнкү жыйынга келишти, бизде корко турган эч нерсе жок», - деген Карамушкина.

Эскерте кетсек, буга чейин партиянын Бишкек шаары боюнча координатору экс-мэр Албек Ибраимов болчу. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында болгондуктан, өз каалоосу менен арыз жазып, мындай оор мезгилде партиянын иши токтоп калбашы керектигин белгилеген.